Бүгүн, 26-мартта Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын эл артисти, көрүнүктүү театр жана кино актёру Абдыкалык Акматовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Коштошуу аземи Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры имаратында уюштурулуп, ага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү, кесиптештери, достору жана жакындары катышты.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри МирбекМамбеталиев сөз сүйлөп, маркумдун кыргыз маданиятына кошкон зор салымын өзгөчө белгиледи. Андан соң президенттин кеңешчиси ЧолпонбекАбыкеев мамлекет башчысынын атынан көңүл айтты. Маркумдун замандаштарынын атынан ТабылдыАктанов, кино тармагындагы кесиптештеринин атынан АртыкпайСүйүндүков, досторунун атынан ТемирланСманбеков, жердештери чыгып сүйлөп, АбдыкалыкАкматовдун адамдык бийик сапаттарын жана чыгармачылык мурасын айтып өтүштү.
АбдыкалыкАкматов 25-мартта 71 жаш курагында оорудан улам дүйнөдөн кайткан. Ал 1955-жылы Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Ак-Булак айылында туулган. Эмгек жолун 1975-жылы Ош облустук С. Ибраимов атындагы драма театрында жарык берүүчү болуп баштап, 1978-жылы Москва шаарындагы Бүткүл союздук кинематография институтунун актердук факультетин аяктап, киноактёр адистигине ээ болгон. Чыгармачылык жолунда ал өмүрүн толугу менен театр жана кино искусствосуна арнады. Кыргызфильм, Мосфильм жана башка эл аралык студиялар менен кызматташып, “Ак илбирстин тукуму”, “Кайчылаш жолдор”, “Кербез”, “Көчмөндөр”, “Чынгызхандын ак булуту” сыяктуу тасмаларда терең мазмундуу образдарды жараткан. Театр сахнасында да “Манастын уулу Семетей”, “Коркут ата”, “Томирис” сыяктуу спектаклдерде роль аткарган.