Кыргыз Эл артисти, белгилүү дирижёр Сагынбек Акматалиев 69 жашында каза болду

Кыргыз Эл артисти, белгилүү дирижёр Сагынбек Акматалиев 69 жашында каза болду. Бул тууралуу Маданият министрлигинен маалымдашты.

Сагынбек Акматалиев 1952-жылы 1-декабрда Сокулук районуна караштуу Асылбаш айылында туулган. Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтун аяктап, «Оркестрдин дирижеру» факультетинин профессору Насыр Давлесовдун классында окуп, аны артыкчылык диплому менен бүтүргөн. 2005-жылдан 2022-жылга чейин Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестрине оркестрге башкы дирижёр жана көркөм жетекчи болуп иштеген.

Сагынбек Акматалиевдин кыргыз улуттук музыкасынын өнүгүп-өсүшүнө кошкон салымы жогору бааланып, 1987-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасына, 1994-жылы «Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти» ардактуу наамына, 2011-жылы «Кыргыз Республикасынын Эл артисти» ардактуу наамына ээ болгон.