Кыргыз эл артисти Искра Райымкулова дүйнөдөн өттү

Кыргыз Республикасынын эл артисти, театр жана кино актрисасы Искра Райымкулова 85 жаш курагында дүйнөдөн өттү. Искра Райымкулова 1937-жылы Кемин районунун азыркы Шабдан айылында туулган.

Эмгек жолу 1957-жылы Кыргыз мамлекеттик драма театрында актриса болуу менен башталган.

Ал театр сахнасында Аня (К. Маликов, «Бийик жерде»), Жеңишбек (Б. Жакиев, «Атанын тагдыры»), Маша (С. Алешин, «Палата»), Корделия (У. Шекспир, «Король Лир»), Алиман (Ч. Айтматов, «Саманчынын жолу»), Алтынай (Ч. Айтматов, «Биринчи мугалим»), Жульетта (У. Шекспир, «Ромео менен Жульетта»), Мас аял (Б.Жакиев, «Күттүргөн жаз да келер»), Эмчи кемпир (Ж. Садыков, «Сейтек»), Сыпайы кемпир (Б.Жакиев, «Жүрөлүчү жүрөк оорутпай»), Бурма (С. Алтымышев, «Таң булбулу») жана башка ушул өңдүү көптөгөн ролдорду аткарган. Театр ишмерлери айрыкча «Атанын тагдырында» Жеңишбектин, «Ромео менен Жульеттада» Жульеттанын образын укмуштай чеберчилик менен ачып бергенин белгилеп келишет.

Искра Райымкулова киноактриса катары Балташ Кайыпов тарткан «Алымкан» тасмасында Алымкандын, Алексей Сахаров менен Эльдар Шенгелай тарткан «Муз жүрөк тууралуу баян» тасмасында Назиранын, «Балалык менен коштошууда» Эненин, ошондой эле «Он үчүнчү небере», «Каныбек», «Күнөстүү арал» сыяктуу көптөгөн тасмаларда роль ойногон.

Актриса менен коштошуу зыйнаты эртең, 9-августта эмгек жолун баштаган күндөн көзү өткөнчө иштеп келген Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын алдында болот. Сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.