Кыргыз эл артисти Марат Алышпаевдин акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

Бүгүн, 5-апрелде Кыргыз Республикасынын эл артисти Марат Алышпаев өзү иштеп келген Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында узатылды. Маркумдун сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду. Бул тууралуу Маданият министрлигинен маалымдашты.

Ага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Алтынбек Сулайманов, Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук-маданий ишмерлер, туугандары жана кесиптештери катышты.

Ал 74 жашында кечээ, 4-апрелде каза болду.