Кыргыз эл артисти Марат Алышпаевдин сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат

Кыргыз эл артисти Марат Алышпаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 5-апрелде саат 12:00дө театрда өтө турган болду. Маркумдун сөөгү Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюла турган болду. Бул тууралуу Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынан билдиришти.

Буга чейин Кыргыз эл артистин акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн өтөрү жана сөөгү туулган айылына коюлары маалымдалган болчу.