Кыргыз эл артисти Токтобек Сатаров 77 жашында дүйнөдөн кайтты

Кыргыз маданияты оор жоготууга учурады. Бүгүн, 26-июлда Кыргыз Республикасынын эл артисти Токтобек Сатаров дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият министрлигинен маалымдашты.
Ал 1948-жылы Тоң районунун Бөкөнбаев айылында туулган. 1972-жылы Луначарский атындагы мамлекеттик театралдык институтту аяктап, чыгармачылык жолун Ош кыргыз драма театрынан баштаган. 1994-жылга чейин бул театрда артист, режиссер жана башкы режиссер болуп эмгектенип, театрдын өнүгүшүнө чоң салым кошкон. 1994-жылдан тартып Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрында директор, көркөм жетекчи, кийин режиссер жана артист катары ишин уланткан. Ал сахнада улуттук жана дүйнөлүк классикалык драмаларда ондогон маанилүү ролдорду жаратып, театр искусствосунун өнүгүшүнө зор салым кошкон. Мисалы: “Абай”, “Кара көз”, “Фудзиямадагы кадыр түн”, “Гамлет”, “Он экинчи түн”, “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт”, “Ашырбай” жана башка.
Режиссер катары да бир топ белгилүү чыгармаларды сахналаштырган. Анын эмгеги жогору бааланып, 1978-жылы Ардак грамотага, 1988-жылы “Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти”, 1997-жылы “Кыргыз Республикасынын эл артисти” наамдарына татыган.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 27-июлда саат 11:00дө К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрында өткөрүлүп, сый-урмат менен сөөгү Каракол шаардык борбордук көрүстөнүнө коюлат.