Кыргыз Эл баатыры, жазуучу Бексултан Жакиев дүйнөдөн кайтты

Кыргыз Эл баатыры, жазуучу Бексултан Жакиев 85 жашында дүйнөдөн кайтты. Азырынча жазуучунун акыркы сапарга узатуу зыйнаты качан жана кайда өтөрү маалым боло элек.

Ал 1936-жылы 16-январда Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Бөкөнбаев айылында туулган. Эмгек таржымалында «Кыргызфильм» киностудиясында редактор, Маданият министрлигинде жана Кинематография комитетинде башкы редактор, Театр ишмерлер союзунун секретары, президенттин кеңешчиси, «Манас-1000» мамлекеттик дирекциясынын көркөм жетекчиси, директору, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы боюнча комитеттин төрагасы болгон.

Жазуучу элге «Атанын тагдыры» аттуу пьесасы менен таанылган. Анын «Миң кыял», «Алтын аяк», «Өкүм», «Эртең – жаңы жыл», «Жолугушуу», «Күттүргөн жаз да келер», «Саадак какты», «Жүрөлүчү жүрөк оорутпай», «Жаза» жана башка драмалары бар. Мындан тышкары, бир катар новелла, аңгеме, очерк, киносценарийлердин автору.

Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз ССР Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз Эл Баатыры деген ардактуу сыйлыктарга жана наамдарга ээ.

Сереп Медиа маалымат агенттигинин жалпы жамааты маркумдун жакындарына, туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.