Кыргыз Эл жазуучусу Мелис Абакиров көз жумду

Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, 3-даражадагы “Манас” орденинин ээси Мелис Абакиров көз жумду. Жазуучуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты 31-январда саат 11:00дө Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт.
Жазуучу Чүй районунун Бурана айылында 1940-жылы 15-мартта туулган. 1963-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун 1963-жылы мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1965-1970-жылдары Ысык-Көл облусундагы Тоң райондук «Эмгекчил» гезитинде адабий кызматкер, бөлүм башчы, жооптуу катчы, редактордун орун басары, 1970-1971-жылдары «Ленинчил жаш» гезитинин бөлүм башчысы, 1971-1979-жылдары «Советтик Кыргызстан» гезитинин адабий кызматкери, өз кабарчысы, жооптуу катчынын орун басары, 1979-1985-жылдары Кыргыз ССРинин Мамлекеттик басма комитетинин башкы редактору, 1985-1988-жылдары «Мектеп» басмасында бөлүм башчы, 1988-жылдын август айынан «Адабият» басмасынын башкы редактору, 1992-1998-жылдары ушул басманын директору, 1998-2005-жылдары «Акыл» акционердик коомунун төрагасынын орун басары – «Кыргызстан» басма үйүнүн башкы редактору, 2004-жылдын декабрь айынан 2007-жылдын мартына чейин Улуттук Жазуучулар союзунун катчысы болуп иштеген.