Кыргыз Эл жазуучусу Самсак Станалиев оорудан улам 74 жашында дүйнө салды

Бүгүн, 12-июнда Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Самсак Станалиев узакка созулган оорудан улам дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен маалымдашты.
Самсак Станалиев Кетмен-Төбө өрөөнүндө, тактап айтканда Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы Жазы-Кечүү айылында 1950-жылы 11-сентябрда туулган. 1977-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты бөлүмүн бүтүргөн. Эмгек жолун 1966-жылы Кара-Көл шаарындагы «Нарынгидроэнергокурулуш» башкармасында жумушчу болуп иштөөдөн баштаган.

1971-1972-жылдары Токтогул райондук «Учкун» гезитинде адабий кызматкер, 1977-жылдан Кыргыз ССР Министрлер Советинин мамлекеттик телекөрсөтүү жана радиоуктуруу комитетинин жаштар редакциясында редактор, 1978-1980-жылдары «Ленинчил жаш» гезитинде кабарчы, улук кабарчы, бөлүм башчы, 1986-жылга чейин «Мектеп» басмасынын балдар жана жаштар адабияты редакциясында редактор, 1986-жылдан «Кыргызстан маданияты» гезитинин адабий сын бөлүмүнүн башчысы, баяндамачы болуп иштеген.

2000-2001-жылдары Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 10 жылдыгына арналган «Кыргызстан» энциклопедиясын чыгарууга редактор катары катышкан. 2001-жылдан баштап «Кыргыз Туусу» гезитинде баяндамачы болуп иштеген. 2005-2011-жылдары «Адабий Ала-Тоо» гезитинин башкы редактору, ал эми 2019-2021-жылдары ай сайын чыкчу «Ала-Тоо» адабий журналынын башкы редактору болгон.
Самсак Станалиевдин поэтикалык жана прозалык 12 китептин автору.1989-жылдан бери СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү. Ал кыргыз адабиятында тарыхый-биографиялык романдары менен өзгөчө орун ээлеген жазуучу. 37 жашында кандуу жазалоонун курмандыгына айланган тилчи аалым, коомдук ишмер Касым Тыныстановдун (1901-1938) өмүр жолу баяндалган “Касым Тыныстанов. Чагылгандын көз жашы” (2001) романын жазган. Бул роман орто мектепредин 9,10,11-класстарында кыргыз адабияты сабагынын программасына жана жогорку окуу жайлардын окуу программасына киргизилген. Ошондой эле кыргыз жазма адабиятынын негиздөөчүлөрүнүн бири Жоомарт Бөкөнбаевдин өмүрү жана чыгармачылык тагдырына кайрылган «Жылдын эң узак күнү» (2007) романын, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгына арналган «Ак жарыктын айыкпаган сыныгы» (2018) роман-трилогиясын жазган. Жазуучунун «Чагылгандын көз жашы» жана «Акжарыктын айыкпаган сыныгы» романдары окурмандардын суроо-талабы менен бир нече жолу басылып чыккан.