Кыргыз эл сүрөтчүсү Муса Абдиев акыркы сапарга узатылды (сүрөт)

Бүгүн, 9-январда Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, кыргыз киносунун ардагери Муса Абдиев акыркы сапарга узатылды.

Эл сүрөтчүсүн акыркы сапарга узатууда анын кыргыз маданиятындагы барандуу орду, жараткан эмгектери, чыгармачылык таланты эскерилди.

Муса Абдиев 1934-жылы Кыргыз ССРинин Жалал-Абад облусундагы Орто айылында туулган.