Кыргыз футбол союзунун мурдагы президенти Канатбек Маматов 50 жашка толду

Бүгүн, 15-августта Кыргыз футбол союзунун мурдагы президенти Канатбек Маматов 50 жашка толду.

Канатбек Маматов 1974-жылы Ош облусунда туулган. 2001-жылы Индияда Махатма Ганди атындагы илим жана искусство колледжинде «коомдук башкаруу» багыты боюнча магистратурада окуган. 2012-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «экономика» адистиги боюнча магистратураны бүткөн.

Эмгек жолу:

«Алай» (Ош), «HAL Бангалор» (Индия), «ITI Бангалор» (Индия) футбол командаларында жана «Топ-Юнайтед», «Абдыш-Ата» ардагерлер командасында ойногон.

— 1998-жылы — Ош мамлекеттик университетинин дене тарбия кафедрасынын башчысы;

— 1999-жылы — аскер кызматын өтөгөн;

— 2003–2005-жылдары — ACDI/VOCA жана USAID бирикмелеринде мобилизациялоо боюнча эксперт;

— 2005–2006-жылдары — S2 Research and Engineering казак-британ компаниясынын директору;

— 2006-жылы — Азия өнүктүрүү банкынын «Айыл-кыштактагы калкты колдоо» долбоорунун аймактык директору;

— 2007-жылы — «Жумуш менен кымсыздоо саясатын иштеп чыгууга жардам көрсөтүү» долбоорунун жетекчисинин орун басары;

— 2007–2009-жылдары — Жогорку Кеңештин фракция лидеринин жардамчысы;

— 2009-жылдан тарта ишкерлик менен алектенген;

— 2014-жылы — Футзал федерациясынын президенти;

— 2016-2019-жылдары — Футбол федерациясынын вице-президенти.

— 2019-2021-жылдары — Футбол союзунун президенти.

— 2023-жылы депутаттык мандат ала турганда Канатбек Маматов талапкерлердин тизмесинен чыккан.