АКШ тарабынан бир катар мамлекеттердин, анын ичинде Кыргыз жарандарына карата өлкөгө кирүү боюнча чектөөлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгү тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган маалыматка байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги маалымат таратты.
Бүгүнкү күндө Америка Кошмо Штаттарында коопсуздукту камсыз кылууга жана чет өлкөлүк жарандардын өлкөгө кирүүсүн тартипке келтирүүгө багытталган миграциялык мыйзамдарды кайра карап чыгуу процесси уланууда. Учурда Кыргыз жарандарына карата кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизүү боюнча АКШ тараптан расмий маалымат түшө элек. The Washington Post басылмасында жарыяланган маалыматка ылайык, жарандарга чектөө киргизилиши мүмкүн болгон өлкөлөрдүн тизмеси кандай критерийлердин негизинде түзүлөрү Кыргыз Республикасы үчүн түшүнүксүз болуп калууда.
Ушуга байланыштуу, бул маселелер боюнча расмий түшүндүрмө берүү максатында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине АКШ элчилигинин консулу чакырылат.








