Кыргыз жарандарына Пакистанга баруу жеңилдеди

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын жарандарына чет мамлекеттердин визаларын алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында маалымат берди.

Пакистандын өкмөтү Кыргыз Республикасынын жарандарына карата визалык саясатын кайрадан карап чыгып, Пакистанга бизнес жана туристтик максатта бара жаткан жарандар үчүн визаларды алуу жол-жоболорун жеңилдетти.

«Визага талапкерлер жогоруда аталган системадагы 30 милдеттүү талаасы бар кыскартылган анкетаны толтурушат. Арыз берилгенден кийин, эгерде, системадагы “кара тизмеде” чыгып калбаса/аныкталбаса, автоматтык түрдө виза берүү жөнүндө билдирүү чыгарат. “Кара тизмеге” кирип калган учурда, арыз 24 сааттын ичинде иштелип чыгат. Арызды берүү визалык жыйымдарсыз, анын ичинде документтерди кароо акысыз жүргүзүлөт. Мындай шарттар кыргызстандыктарга Пакистандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө барбастан, жеңилдетилген тартипте виза алууга мүмкүнчүлүк берет»,- деп айтылат маалыматта.