Кыргыз жарандарынын АКШга кирүүсүнө чектөө койгон жарлык жокко чыгарылды

АКШнын жаңы шайланган президенти Жо Байден Кыргыз жарандарынын өлкөгө кирүүсүн токтоткон иммиграциялык жана ар түрдүүлүк визаларга чектөөлөрдү жоюу боюнча буйрукка кечээ, 20-январда кол койду. Бул тууралуу АКШнын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигинен билдиришти.

“Биз Кыргыз өкмөтүнүн акыркы 12 ай ичинде саякаттарга байланыштуу коопсуздукту бир кыйла жакшыртканын колдойбуз. Биометрикалык идентификация чиптерин камтыган Кыргыз жарандарынын электрондук паспорттору иштелип чыгып, даярдыктын акыркы баскычында турат. Бул паспорттор  коопсуз жана ыңгайлуу саякаттоонун кепилдиги болмокчу. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын өкмөтү INTERPOL менен кызматташуусун өркүндөтүп, кылмыштуулук жана терроризм тууралуу маалымат менен бөлүшүүнү жогорулатты”, — деп жазылат маалыматта.

Калкынын көбү мусулмандар саналган бир катар мамлекеттердин жарандарына визалык чектөөлөр Дональд Трамптын буйругу менен 2017-жылы, ал эми 2020-жылдын февраль айында мындай чектөө Кыргыз өлкөсү жана дагы беш мамлекетке карата киргизилген болчу.