Кыргыз жигит Москвада метронун рельсине кулап түшкөн жаранды куткарып калды

Кыргызстанда төрөлгөн Сыймыкбек Алмазбек уулу Москвада метронун рельсине кулап түшкөн жаранды куткарып калды. Бул тууралуу кинорежиссер Кенжебек Шайлообаев социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, Сыймыкбек Алмазбек уулу кечээ, 9-мартта Москвада «Текстильщики» метросунун рельстеринин бирине кулап түшкөн орус улутундагы мас абалындагы адамды куткарып калган.

«Ооба жалгыз эмес. Жанында чечен улутундагы жигит да бар болчу. Мындай чукул кырдаалда өз жанын тобокелге салып, башканын жанын сактап калуу ар бир адамдын колунан келе бербесе керек. Ал жерде канчалаган адамдар туруп жардамга кол суна алган эмес. Сыймык өтө жөнөкөй, кичипейил, куранды жатка билген жигит», — деп айтты Кенжебек Шайлообаев.

Ошондой эле анын айтымында, жабыркаган адамды Тез жардам кызматы алып кеткен.

Сыймыкбек Алмазбек уулу 21 жашта. Учурда ал Орусиянын жараны.