Кыргыз жоокерлери Москвада (видео)

Социалдык тармактын колдонуучулары Кыргызстандын жоокерлери Москвадагы парадга даярданып жатканда тартылган видео менен бөлүшүп жатышат.

Буга чейин Улуттук гвардия маалымат берип, Кыргызстандын аскердик контингенти 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган парадга кеткенин билдирген.

Улуттук гвардиянын Ардак кароол ротасы Пекиндеги, Москвадагы жана Минскидеги аскердик параддарга катышат.

Орусияда аскердик парад эртең, 9-майда өтөт жана ага президент Садыр Жапаров катышат.