Журналист Таалайбек Дүйшөналиев көз жумду

Журналист Таалайбек Дүйшөналиев 61 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу анын Нарын облустук медиаборборунда иштеген кесиптештери билдиришти.

Белгилей кетсек, Дүйшөналиев Нарын облустук медиаборборунун башкы директорунун орун басары жана облустук «Теңир Тоо» гезитинин башкы редактору болуп эмгектенген.

Ал Нарын облусунун тарыхый санжырасын түзүүгө, анын социалдык-маданий, экономикалык жактан өсүшүнө, саясий жана экономикалык, социалдык кайра түзүүлөрдүн гезит беттеринде жеткиликтүү чагылдырылышын камсыз кылууга эбегейсиз салым кошкон.

Таалайбек Дүйшөналиев Кыргыз Республикасынын ардак грамотасы жана бир катар жеригиликтүү бийлик органдарынын сыйлыктары менен сыйланган.