Кыргыз-казак чек арасы кадимки режимде иштеп жатат

Кыргыз-казак чек арасы кадимки режимде иштеп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынан маалымдашты.

«Биз мурдагыдай эле тартипте иш алып барып жатабыз. Эч кандай өзгөрүүлөр жок. Коңшулар чек ара аркылуу кыймылды чектөө боюнча кошумча маалымат берише элек. Тышкы иштер министрлигинин линиясы боюнча да эч кандай чектөө боюнча маалымат айтылган жок», — дешти Чек ара кызматынан.

Буга чейин 2-январда Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында тургундар газдын баасы кымбаттаганына нааразы болушуп, массалык түрдө митингге чыгышкан. Буга улай эле Актау шаарында да ушундай эле акция орун алган. Алар 1-январдан тарта газдын баасы 120 теңгеге өскөнүнө нааразы болуп, анын баасын 50-60 теңгеге ылдыйлатууну талап кылышкан болчу. Көп өтпөй, өлкөнүн башка шаарларында жаңы-өзөндүктөрдү колдогон митингдер башталып, 4-январь күнү кечинде нааразычылык акциясына чыккан жарандар саясий талаптарды коюшту.