Кыргыз-казак чек арасында 300 жылкы жана 95 бодо мал жайылып жүргөн. Ээлери айып пул төлөштү

14-сентябрда кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде Түп районунун Каркыра жергесинен чек арачылар жылкылардын жана бодо малдын үйүрү кыргыз-казак чек ара сызыгына жакын аймакта жайылып жүргөндүгүн аныкташкан. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Кароосуз калган 300 баш жылкы жана 95 ири мүйүздүү мал чек ара сызыгына жакын аймакта жайылып жүргөн. УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын чек арачылары малдын ээлерин аныктоо үчүн иш-чараларды жүргүзүшүп, мал ээлери чек ара режимин бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылышкан. “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин 429-беренесинин 1-пунктуна ылайык чек ара режимин бузгандар айып пул төлөшкөн.