Кыргыз-казак чек арасында 468 жүк ташуучу унаа турат

УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги “Ак-Тилек-автожол” өткөрүү жайында транспорт каражаттарынын жана жүктөрдүн топтолуусу катталгандыгын маалымдады.

Казакстан Республикасынын Жамбыл облусунда аба-ырайы убактылуу жакшыргандыгына байланыштуу Кыргызстандан Казакстанга жана башка өлкөлөргө жүк ташуунун агымы кескин көбөйгөн.

2023-жылдын 22-декабрында саат 17:00гө карата “Ак-Тилек-автожол” чек ара көзөмөлүнөн өтүүгө 468 жүк ташуучу унаа турат. Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги бардык өткөрүү жайлары штаттык режимде иштеп жаткандыгын белгилейбиз.