Кыргыз-казак чек арасында айдоочулар үчүн чатырлар орнотулду

“Ак-Тилек-автожол” постунун жанындагы жүк ташуучу унаалар чогулган жерде жардам чатырлары иштөөдө. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Чүй облусунун аймагындагы “Ак-Тилек-автожол” көзөмөл-өткөрүү пунктунун алдындагы жүк ташуучу унаалар топтолгон жерге чатырлуу жардам пункттары орнотулуп иштеп жатат. Аларда айдоочуларга медициналык, психологиялык, консультациялык жана башка жардам көрсөтүү үчүн бардык шарттар түзүлүп, ысык тамак уюштурулган.

«Учурда тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан жол кыймылынын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыздоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп, тез бузулуучу жүктөрдү ташыган унаалардын өтүүсүнө шарттар түзүлүүдө», — дешти.