Кыргыз-казак чек арасында кайсы өткөрүү бекеттери иштеп жатат? Чек ара кызматынын жообу

Чек ара кызматынан кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү бекеттеринин ишинин өзгөргөнү тууралуу маалымдашты. Бүгүн, 8-январь саат 13:00гө карата төмөндөгү өткөрүү бекеттери иштеп жатат:

«Чалдыбар» — «Сыпатай Батыр»: Кыргыз жарандарына Казакстанга кирүү убактылуу чектелген, Кыргыз жарандары Казакстандан чыга алышат, Казак жарандары Кыргызстандан чыга алышат, жүк алып өтүүгө чектөө жок;
«Ак-Жол» — «Кордай»: Кыргыз жарандарына Казакстанга кирүү убактылуу чектелген, Кыргыз жарандары Казакстандан чыга алышат, Казак жарандары Кыргызстандан чыга алышат, чек арадан өтүү бир гана жөө тартипте аткарылууда,
«Ак-Тилек» — «Карасу»: Кыргыз жарандарына Казакстанга кирүү убактылуу чектелген, Кыргыз жарандары Казакстандан чыга алышат, Казак жарандары Кыргызстандан чыга алышат, жүк ташуучулардын айдоочулары болгон Казак жарандары Казакстанга кире алышат, жүк ташуучулардын айдоочулары болгон Кыргыз жарандары жана чет өлкөлүктөр Кыргызстанга кире алышат;
«Чоң-Капка» — «Айша-Биби»:Кыргыз жарандарына Казакстанга кирүү убактылуу чектелген, Кыргыз жарандары Казакстандан чыга алышат, Казак жарандары Кыргызстандан чыга алышат, бул жерден бир гана Казакстандын аймагы боюнча транзит менен өтө турган жүк ташуучуларга уруксат.