Кыргыз-казак чек арасындагы эки өткөрүү пункту убактылуу иштебейт

Бүгүн, 7-январдан тартып Кыргыз-казак чек арасындагы эки өткөрүү пункту, тагыраагы «Кең-Булуң» жана «Токмок» убактылуу иштебейт. Кыргыз Чек ара кызматынан маалымдашкандай, казак тараптын демилгеси боюнча аталган өлкөнүн бирдиктүү маалыматтык системи иштебей калганына байланыштуу жогорудагы пункттар жарандарды жана унааны өткөрүүнү токтотот.

Кыргыз-казак чек арасында калган өткөрүү бекеттери — «Ак-Жол», «Ак-Тилек», «Чалдыбар», «Чоң-Капка» жана «Каркыра» коронавируска байланыштуу чектөөлөрдүн эсеби менен штаттык режимде иштеп жатышат. Чек арада элдин жана унаалардын топтолгону катталган эмес жана абал туруктуу экендиги маалымдалды.