Кыргыз класста окуган окуучулардын жетишкендиги орус класстардыкына караганда төмөн

ЖРТнын жыйынтыгы тестти тапшырган тилден көз карандыбы? Дал ушундай суроого Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору кенен жооп жарыялады.

Суроолор орусчадан кыргызчага которулат деген туура эмес. ЖРТнын тапшырмалары эки тилде түзүлөт. Муктаждыкка жараша суроолор орусчадан кыргызчага, кыргызчадан орусчага которулат. Биз тест тапшырмаларынын банкын түзүп жатканда тест түзүүчүнүн кайсы бир суроону жаратуудагы идеясын алууга аракет кылабыз. Мындан тышкары, кээ бир предметтер бир гана тилде түзүлөт, атап айтканда: аналогиялар жана сүйлөмдөрдү толуктоо, кыргыз же орус тилинин практикалык грамматикасы.

Быйыл негизги тесттин окуу жана түшүнүү бөлүмүндө бир топ кыргыз авторунун кыргыз тилинде жазылган тексттери колдонулган. Ага ылайык, суроолор кыргыз тилинде түзүлгөн. Бир тилден экинчи бир тилге которулган тапшырмалар да тиешелүү адистер тарабынан мазмундук жактан бир нече баскычтуу текшерүүдөн өтөт. Мисалы, биология боюнча кыргызча тест тапшыргандар арасындагы максималдуу упай – 131, тестти орусча тапшыргандар арасындагы максималдуу упай да 131. Физиканы алсак, кыргызча – 128, орусча – 134. Математика сабагынан кыргызча да, орусча да 150 упайды түзөт. Жогоруда байкалгандай, максималдуу упайлардын саны эки тилде тең дээрлик бирдей. Бул тилдик жактан суроонун мазмунун түшүнүүдө окуучулар тарабынан кыйынчылык жаралбаганынан кабар берип турат.
Бул жакта эске ала турган дагы бир маселе бар. Кыргыз класстарында окуган окуучулардын жетишкендиктери орус класстардыкына караганда төмөн. Муну буга чейинки билим берүү жаатындагы бир нече ирет өткөрүлгөн PISA (2006-жылкы, 2009-жылкы) жана НООДУ (2007-жылкы, 2009-жылкы, 2014-жылкы, 2017-жылкы, 2021-жылкы) долбоорлору тастыктайт. Биздин борбордун эң негизги принциптеринин бири – бардык абитуриентке бирдей шарт түзүү. Мына ошондуктан кыргызча оңоюраак, орусча татаалыраак тапшырмаларды түзүү талапка туура келбейт; эки тилде тең тапшырмалар татаалдыгы боюнча бирдей санда берилет.