«Кыргыз көмүр» ишканасынын директору 3-октябрга чейин камакка алынды

Кечээ, 5-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда «Кыргыз көмүр» ишканасынын директору Канатбек Ашырбаевдин бөгөт чарасы каралып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу аталган райондук сотунан билдиришти.

«Биринчи Май райондук сотунун 5-августундагы токтомуна ылайык, шектелүүчү Канатбек Ашырбаевге карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү 3-октябрь күнүнө чейин тандалды жана ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө изоляторуна деп белгиленди»,- деп айтылат маалыматта.

Канатбек Ашырбаев УКМК тарабынан 4-августта кармалган. Бул боюнча УКМК «Кара-Кече» кенинен көмүр уурдоо боюнча «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасындагы коррупциялык схемага бөгөт коюлганын билдиришкен.