«Баасын карагыла!» дегендерге «Кыргыз көмүр» ишканасынын жообу

«Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасы “Кыргыз көмүр”, көмүр баасын караңыздар!” деген жарандарга кайрылып, көмүр баасынын 5 миң сомго чейин чыгып кеткен себебин түшүндүрдү.

Маалыматка караганда, “Кыргыз көмүр” ишканасынын Кара-Кечеден көмүр казуу, жүктөп берүү жана Антимонополия коюп берген баа менен 1330 сомдон сатуу гана милдеттери бар. Ушул менен ишкананын милдеттери чектелет жана алар Кара-Кечеден чыккан бааны эле көзөмөлдөй алышат.

Басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, ортомчулар көмүрдү Кара-Кечеден 1330 сомдон сатып алышат, мурда ар бир тоннага 1000 сомдон кошкондо 3800 сомго керектөөчүлөр сатып алчу. Азыр күйүүчү май кымбат деп ар бир тоннага үстүнө 2170 сом кошуп сатып жатышат, ага көмүр кампалары да 500 сом кошуп жатат. Жыйынтыгында элге көмүр 5500 сомдон сатылып жатат.

Ишкананын өкүлү ортомчуларга да кайрылды. «Ортомчу көмүр саткандар, карапайым калк кыйналып турган кезде 2000 сомдон ашык сумма кошпой эле турбайсыздарбы. Элге кайрылат элек, унаадан сатып алып жатканда соодалашып 1000 сом түшкүлө деп айтыңыздар. Ортомчулар өз кызыкчылыгын карап 2 эсе үстүнө акча кошуп жатышат», — деди ал.