Кыргыз куткаруучулары аман алып чыккан 3 адам бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү

Бүгүн, 18-февралда Хатай облусунун аймагында издөө-куткаруу иштеринин нытыйжасында кыргыз куткаруучулары тарабынан 5 адамды урандылардын астынан алып чыгышты. Алдын ала маалымат боюнча, алар бир үй-бүлө мүчөлөрү болгон. Куткаруучулар ата-энесин жана бир баласын аман-эсен куткарып чыгышкан. Ал эми дагы 2 баласы каза болуп калган.