Кыргыз куткаруучулары Кордайда карда калгандарга жардам бергени үчүн сыйланышты (сүрөт)

Казакстандын Жамбыл облусунун Кордай районунда жарыяланган өзгөчө кырдаалда казак элине жардамга кеткен кыргыз куткаруучулары 16-декабрь күнү, кечке маал мекенине кайтышты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кордай районунун акими жана казакстандык куткаруучулар кыйын күндө кол сунуп, жардам берген кыргыз куткаруучуларына терең ыраазычылык билдирүү менен грамоталарды жана баалуу сыйлык тапшырып, жылуу узатышты.

Казакстандын Жамбыл облусунун Кордай районунда 14-декабрда жааган кардан улам кар күрткүсү пайда болуп, Алма-Ата—Ташкент унаа жолунда 150дөй унаа жүргүнчүлөрү менен калып калган. Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 39 куткаруучусун, 5 оор техника, 1 пикап унаасы жана 2 кар унаасын жиберген.

15-декабрга караган түнү кыргыз куткаруучулары Казакстанга жөнөп кетишип, куткаруу ишин башташкан. Натыйжада бороон-чапкындуу жолдо калган 16 Кыргызстандын жараны мекенине унаа менен алып келинген. Алар үчүн Ак-Жол өткөрмө бекетиндеги кафеде жылынуучу жай уюштурулуп, тамак-аш берилген. Ал эми Кордай районунун аймагында калган кыргыз куткаруучулары андан ары түнү менен жолдон чыгып кеткен оор жүк ташуучу жана жеңил унааларды сүйрөп чыгарып беришкен.