Кыргыз куткаруучулары Түркияда 6 күн урандынын алдында жаткан адамды аман алып чыгышты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, куткаруучулар Кахраманмараш шаарындагы ураган имаратта куткаруу-издөө иштерин жүргүзүп жатышкан. Ал киши талкаланган имараттын алдында 6 күн жаткан.