Кыргыз куткаруучулары Түркияда 7 жаштагы баланы аман куткарып, урандылардан чыгарышты

Бүгүн, 12-февраль күнү Бишкек убактысы боюнча 02:30 чамасында кыргызстандык куткаруучулар тарабынан Алиайчичек аттуу 2016-жылы төрөлгөн бала куткарылды. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Тилекке каршы, ал жерде баланын апасы жана агасы каза болуп калган. Алардын сөөгү чыгарылып, туугандарына берилди.