Кыргыз-кытай чек арасы 4-апрелде убактылуу жабылат

УКМКнын Чек ара кызматынан кытай тараптын демилгеси менен КЭР Цинмин майрамы — курман болгондорду эскерүү майрамы белгиленерине байланыштуу кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан “Торугарт-автожол” жана “Эркечтам-автожол” өткөрүү жайлары 4-апрелде убактылуу жабык болоорун маалымдады.

“Эркечтам-автожол” жана Торугарт-автожол“ адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү 5-апрелден баштап жанданат.