Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Кыргыз-кытай чек арасында жайгашкан «Торугарт-автожол» жана «Эркечтам-автожол» өткөрмө пункттары 1-майдан 4-майга чейин жабылат. Мындай тартип Кытайдагы “Эмгек” майрамына байланыштуу киргизилип жатат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.

Торугарт жана Эркечтам жолдорундагы кыймыл 5-майдан тартып жанданат.

Кыргыз-кытай чек арасы адатта Курман айт, Жаңы жыл майрамдарында жана Кытайдын улуттук майрам-мааракелеринде жыл сайын жабылып турат.