Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү пункттары 1-октябрдан 7-октябрга чейин жабык болот. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Кытай тараптын демилгеси менен Кытай Эл Республикасынын күнүнө байланыштуу «Торугарт-Автожол» жана «Эркечтам-Автожол» өткөрүү пункттары жабылат. Пункттар 8-октябрдан тарта иштей баштайт.