Түштүк Кореяда жергиликтүү органдарынын, облустук жана шаардык депутаттарынын шайлоосу болуп, анда биздин мекендешибиз Айсулуу Аширалиева депутат болуп шайланды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын аталган өлкөдөгү элчиси Аида Исмаилова социалдык баракчасына жазып чыкты.
«Кечээ, 1-июнь күнү Түштүк Кореяда жергиликтүү органдарынын, облустук жана шаардык депутаттарынын шайлоосу болуп өттү. Көп адамды жеңип, чет өлкөдө, биздин кыргыз кызыбыз Айсулуу Аширалиева Сеул шаарынын жергиликтүү кеңешинин депутаттык кызматына шайланышы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Айсулуу айым дайыма элчиликке көмөктөшүп, биз жүргүзгөн иш-чараларга өз салымын кошуп, мыкты мекенчил мекендештерибиздин бири», — деп жазды элчи.