Кыргыз кызы визажист Гоар Аветисянды Ысык-Көлгө чакырды (видео)

Кыргызстандык 28 жаштагы Акылай аттуу кыз дүйнөгө белгилүү визажист Гоар Аветисяндын мастер-классына катышып, аны Кыргызстанга эс алууга чакырды.

«Мен сиздин мастер-классыңызга катышууну аябай каалагам. Бүгүн жумушка да барбай, ушул жакка келдим. Кыргызстанга эс алууга келип кетиңиз. Ысык-Көлүбүз бар», — деди ал.

«Мен Кыргызстанда бир жолу болгом. Мага абдан жаккан»,- деди Гоар.