Кыргыз мамлекети Орусиядан студенттер үчүн квотаны жогорулатып берүүнү сурады

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев баштаган делегация иш сапары менен Орусияга барды. Бул тууралуу аталган министрликтен маалымдашты. Иш сапарынын алкагында кыргыз министри Орусиянын илим жана жогорку билим берүү министри Валерий Фальков менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташууну талкуулады.

Бейшеналиев учурда Орусиянын ЖОЖдорунда 16 миңдей кыргызстандык студент билим алып жатканын белгилеп, Кыргызстан жогорку билим берүүдөгү эки тараптуу кызматташуунун дагы да өнүгүшүнө кызыкдар экендигин билдирди. “Кыргызстанда мектептердин бүтүрүүчүлөрүнө келечектеги кесипке багыт берүү иш-чараларынын алкагында өткөрүлүп келген, салтка айланып калган орусиялык ЖОЖдордун жарманкеси көпчүлүк студенттердин кесип тандоосундагы бир тепкич болуп калды. Албетте, ЖОЖдогу ийгиликтүү окуу кесиптик ийгиликке жол ачат”, – деди кыргыз министри.

Кыргызстандык бүтүрүүчүлөр Орусиянын ЖОЖдоруна КМШнын, чет жакта жашаган мекендештердин иштери жана эл аралык гуманитардык кызматташтык боюнча федералдык агенттиктин (“Россотрудничество”) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү аркылуу тапшырышат. Кыргыз жарандары үчүн жыл сайын 375тин тегерегинде бюджеттик орундар бөлүнөт. Ал эми Орусиянын ЖОЖдоруна тапшырууну каалагандардын саны 3 миңден ашат. Бейшеналиев жолугушуулардын жүрүшүндө квоталардын санын 750гө чейин көбөйтүү маселесин карап чыгууну сунуштады. Алардын ичинен 200 орун педагогикалык адистиктерге, 50 орун жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга бөлүнмөкчү.