Кыргыз мамлекеттик цирки жаныбарларын сатыкка койду

default

Кыргыз мамлекеттик цирки жаныбарларын сатыкка койду. Бул тууралуу «Эркин-Тоо» гезитине жарыяланды.

Ал жерде себеби түшүндүрүлгөн эмес.

Сатыкка коюлган жаныбарлар: Эки төө, ар биринин баасы 90 миң сомдон; 4 жаштагы эки топоз, баасы 35 миң сомдон; 8 жаштагы эчки — 20 миң сом; 9 жаштагы чүткөр — 50 миң сом; 5 жаштагы енот — 50 миң сом; 5-6 жаштагы төрт мышык, ар бири 10 миң сомдон.