Кыргыз менен тажик тарап жолугуп, 3 маселени макулдашышты

Кечээ, 2-февралда Лейлек районунун кыргыз-тажик чек арасында президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Согди облусунун жетекчиси Раджаббой Ахмадзода жана эки тараптын күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, район акимдеринин катышуусунда жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга УКМКнын Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев жана Тажикстандын Чек ара кызматынын жетекчиси Раджабали Рахмонали да катышты.

Тараптар чек арадагы кырдаалды талкууга алып, андан соң 3 маселе боюнча макулдашышты:
— Чек ара аймактарында пайда болгон көйгөйлүү маселелерди сүйлөшүүлөр менен гана чечүү;
— 2023-жыл ичинде тынчтыкты сактоо багытында биргелешкен иш чараларды өткөрүү;
— эки облуста тең чек арага жакын жашаган жашоочулардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жөнүндө сүйлөшүлдү.