«Кыргыз окуучусунун атасы туугандары менен тажик окуучусунун ата-энесин сабап». Кыргыз-тажик чек арасындагы окуучулардын мушташынын чоо-жайы

Кечээ, 23-сентябрда Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймагында мектеп окуучуларынын катышуусунда чыр чыккан. Көк-Таш айылындагы Ш.Гана атындагы орто мектебинин 4 окуучусу сабактан кийин үйүнө бара жатып, Тажикстандын Майский айылындагы окуучулар менен уруша кетишкени айтылган. Окуя боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Баткен районунун акимчилигинин басма сөз кызматынан төмөнкүлөрдү билдиришти.

«23-сентябрь күнү саат 13:00 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылынын Дахма жерлигинде мектептен кайтып келе жаткан 4 кыргыз окуучусун тажик айылынын 11-классынын 30га жакын окуучусу ур-токмокко алышкан. Анын кесепетинен 4 кыргыз окуучусу денелеринен түрдүү жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Кыргыз окуучуларынын атасы жана туугандары балдарды ур-токмокко алган тажик окуучуларынын экөөсүн жана алардын ата-энелерин ур-токмокко алган. Эки тараптан 20-40 чакты тургундар топтолушкан. Окуя катталгандан кийин Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев жана тиешелүү укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери Тажикстандын Исфара районунун төрагасы Баховадин Бахадурзода жетектеген тажик делегациясы менен жолугушуп, маселени жеринде карап, жыйынтыгында эки тарап өз аймактарында түшүндүрүү иштерин жана укук бузукчулукка жол берген жарандарды мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартуу боюнча иш жүргүүзүнү макулдашты. Учурда чек аралаш аймактарда коомдук саясий абал тынч. Укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө», — деп айтылат маалыматта.