Кыргыз өлкөсүндө диплом алган пакистандык врачтар митингге чыгышты

Пакистандык студенттер эки күндөн бери Кыргыз өлкөсү менен Өзбекстандын ЖОЖдорунун кара тизмеге киргизилишине каршылыгын билдирип жатышат. Нааразычылык акциясы жүздөгөн врачтар жана студент-медиктердин катышуусунда Пакистандын борбору Исламабадда өтүп жатат. Алар аталган эки өлкөнүн университеттеринен алган дипломдорун өкмөтү тарабынан таанылышын талап кылышууда.

Кечээ, 7-январда 2 миңдей медициналык окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү менен студенттер Пакистандын медициналык комиссиясынын имаратынын жанына чогулуп, өз талаптарын билдиришкен. Аталган комиссияда эки өлкөнүн 21 окуу жайынын дипломун таануудан баш тартуу чечими кабыл алынган. Комиссиянын баамында ал окуу жайлар алардын талаптарына жооп бербейт. Кара тизмеге Кыргыз өлкөсүнүн 15, ал эми Өзбекстандын 6 университети кирген.

Вице-премьер Эльвира Сурабалдиева декабрда Пакистанга билдирме жөнөтүлгөнүн айтып чыкты. Анда Пакистанда сынактан өтпөй калган студенттердин тизмесин берүү суралган.