Кыргыз өлкөсүнөн темир алып чыгуу убактылуу тыюу салынды

Кыргыз өлкөсүнөн Евразиялык экономикалык биримдиктин мамлекеттеринен тышкары темир алып чыгуу убактылуу тыюу салынды. Тийиштүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Документке ылайык, алты ай бою Кыргыз өлкөсүнөн Евразиялык экономикалык биримдиктин мамлекеттеринен тышкары лом, кара металлдын калдыктарын, кайра эритүү үчүн кара металлдын эритмелерин алып чыгууга тыюу салынат.