Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча жыйын өтүп жатат

Бүгүн премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер Артем Новиков Фергана шаарында Кыргыз өкмөтүнүн чек арага чектеш облустарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстандын чек ара аймактарынын акимдеринин кеңешинин жыйынына катышты.

Кеңешмеге кыргыз тараптан Кыргыз өлкөсүнүн Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов, Айыл чарба министри Тилек Токтогазиев, Транспорт жана жолдор министри Бакыт Бердалиев, өкмөттүн Жалал-Абад,  Баткен жана Ош облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана башкалар барган. Жыйын жүрүшүндө кызматташуунун актуалдуу маселелери, чек ара көйгөйлөрү жана эки тараптуу мамилелердин бардык спектрин мындан ары активдештирүү маселелери талкууланууда.