Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча сүйлөшүү жүрдү

Баткенде кыргыз-өзбек чек арасы боюнча Кыргызстан менен Өзбекстан өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти. 

Жолугушууда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо маселелери талкууланып, чек аранын айрым тилкелеринде зарыл болгон жер-жерлерде изилдөө иштери жүргүзүлгөн. 

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча тиешелүү Протоколго кол коюлду.