Кыргыз-өзбек чек арасы. Топтолгон эл тарап, эки өлкөнүн жараны элдешти

Баткен району менен Өзбекстандын чек арасында топтолгон жарандар тарады. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Баткен районунун Кыштут айыл аймагынын Сай айылы менен Өзбекстанды Сох районуна караштуу Чашма айылынын жашоочусунун ортосунда чыккан чатакка байланыштуу, аймакка күч түзүмдөрү жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү барып, элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

«Эки тараптан топтолгон эл тарады. Чатакташкан кыргыз жараны менен өзбек жараны элдешти. Баткен району менен Сох районунун чек ара жана ички иштер кызматкерлери жеринде териштирүү ишин башташты. Чектеш аймакта абал туруктуу», — деп айтылат маалыматта.

Бүгүн, 13-майда Баткен районунун Кыштут айыл аймагынын Сай айылы менен Өзбекстандын Сох районуна караштуу Чашма айылынын жашоочусунун ортосунда турмуш-тиричиликке байланыштуу пикир келишпестик жаралып, мушташа кетишкен. Чек арага эки тараптан элдер топтолушкан болчу.