Кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөр болду

Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жумушчу тобунун сүйлөшүүлөрү болуп өттү. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 16-апрель күнү саат 11:00дө Өзгөн районунун Өзбекстан Республикасы менен чектеш “Кемпир-Абад” суу сактагычы жана чек ара тилкелериндеги тактала элек чек ара аймактарды чечүү боюнча Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жумушчу тобу Ош облусунун Өзгөн району менен Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Өзбекстан Республикасы менен чектеш аймагындагы “Таш-Акур” участогунда эки тараптуу жолугушуу болуп өткөн.

Жерине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Алайчиев, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы акими Мейматкулов, Өзгөн РИИБдин начальниги милициянын полковниги Төрөгелдиев, Өзгөн райондук жер кадастр башкармалыныны башчысы Кошиев, делимитация жана демаркация боюнча комиссиянын мүчөлөрү, ошондой эле Өзбекстан Республикасынын делимитация жана демаркация боюнча комиссиясынын мүчөлөрү катышып эки тараптуу тактоо жана келишүүлөр болгон.

Ушул эле күнү Фейсбук социалдык тармагында Бийназар Кайназаров өзүнүн баракчасына: «Өзбекстанга «Кемпир-Абаддан» жер берүү чечимине нааразы болгон эл Бишкектен чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн баргандардын жолун тосуп, коё бербей жатат. Алар УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин өзү келүүсүн жана Өзбекстанга 1 метр да жер бербей турганын айтып, катуу талап кылып жатышат”,- деген маалымат жарыяланган.

«Бул жагдайлар боюнча элге туура маалымат жеткирүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан элге алдын ала түшүндүрүү иш чаралар жүргүзүлүүдө. Учурга карата эч кандай митинг, пикет, нааразычылыктар болгон жок. Элдер жазгы эгин-тал иштерине даярдык кѳрүп күнүмдүк жумушу менен алектенишүүдѳ»,- деп айтылат маалыматта.