Кыргызстан менен Өзбекстан кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын ортосунда сүйлөшүүлөр болду.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жумушчу топтордун жыйындары жана Биргелешкен демаркация комиссиясынын биринчи отуруму өттү. Жолугушууда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелеринде биргелешкен талаа изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы талкууланды.
Биргелешкен демаркация комиссиясынын жыйынынын жыйынтыгында тараптар мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча ченемдик-укуктук жана техникалык документтерди бекитишти.
Сүйлөшүүлөр достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн маанайында өттү. Иш-чаранын жыйынтыгында тиешелүү протоколдорго кол коюлду.