Кыргыз-өзбек чек арасында 2 көзөмөл-өткөрүү жайы кайрадан иштей баштады

Бүгүн, 1-сентябрда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан “Кара-Багыш-автожол” жана “Бек-Абад-автожол” көзөмөл-өткөрүү жайлары кайрадан иштей баштады. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

«Кара-Багыш-автожол”  көзөмөл-өткөрүү жайы Ош облусунун Араван районунда жайгашкан. Өткөрүү жай эки тараптуу өткөрүү жайы макамына ээ, ал аркылуу Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандары гана транспорт каражатын пайдаланбай, жүксүз, товарсыз (жеке колдонула турчу товарлардан тышкары) жана жаныбарларсыз жөө басып чек араны кесип өтө алышат.

“Бек-Абад-автожол” өткөрүү жайы Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жайгашкан. “Бек-Абад-автожол” КӨЖ көп тараптуу өткөрүү жайы. Өткөрүү жайынан Кыргызстандын, Өзбекстандын жана үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары, ошондой эле жеке пайдаланыла турчу товарларды эске албаганда кайсы мамлекетке тийиштиги бар экендигине карабастан жүк, товар жана жаныбарлары жок жеңил транспорт каражаттары чек араны кесип өтө алышат.