Кыргыз-өзбек чек арасында чыр-чатакта каза болгон эки Кыргыз жаранынын сөөгү өткөрүп берилди

Кыргыз-өзбек чек арасында чыр-чатакта каза болгон эки Кыргыз жаранынын сөөгү өткөрүп берилди. Бул тууралуу Чек ара кызматынан маалымдашты.

Аксы районунун Дейрес айылында Кыргыз жарандары менен Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын чек арачыларынын ортосунда орун алган чыр-чатактын натыйжасында УКМКнын Чек ара кызматы аткезчилик жүктөрдү ташууга катышкан жарандарды издөө боюнча комплекстүү иш-чараларды жүргүзүп жатат.

Чыр-чатактын кесепетинен каза болгон Кыргыз жарандары төмөндөгү экендигин билдирет:
— О.Б.Т.угли, 1984-жылы туулган, Аксы районунун Дейрес айылынын тургуну;
— О.С.Т., 1991-жылы туулган, Аксы районунун Дейрес айылынын тургуну.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара өкүлдөрүнүн макулдашуусуна ылайык, кыргыз тарапка кечээ, 5-апрелде саат 23:46да «Маданият-авто жол» өткөрүү жайы аркылуу алардын сөөгү өткөрүп берилди.