Кыргыз-өзбек чек арасында эки өлкөнүн жашоочусунун ортосунда мушташ чыкты

Баткен району менен Өзбекстандын чек арасындагы абал көзөмөлдө. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Бүгүн, 13-майда Баткен районунун Кыштут айыл аймагынын Сай айылы менен Өзбекстандын Сох районуна караштуу Чашма айылынын жашоочусунун ортосунда, турмуш тиричиликке байланыштуу пикир келишпестик жаралып, мушташа кетишкен. Натыйжада эки өлкөнүн чектеш айылынын элдери чек арага топтолгон. Окуя болгон жерге Кыргызстан менен Өзбекстандын аймактык күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү барып, элге түшүндүрүү иштери жүргүзүп жатышат.

Баткен району менен Сох районунун чек ара жана ички иштер кызматкерлери, жеринде териштирүү ишин башташты.