Кыргыз-өзбек чек арасында курал колдонуу менен чыр-чатак орун алды

Кечээ, 5-апрелде кыргыз-өзбек чек арасында курал колдонуу менен чыр-чатак орун алды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан маалымдашты.

Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Дейрес айылында бир нече Кыргыз жараны атчан жүктөрдү Өзбекстандын аймагына мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылышкан. Алар мамлекеттик чек ара сызыгынан 500 метр алыстыкта коңшу өлкөнүн аймагына кирип, Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын чек арачылары тарабынан аныкталган.

Аткезчилер өзбек чек арачыларынын токтотуу талабына баш ийишкен эмес. Жарандарды кармоо учурунда чыр чыккан. Өзбек чек арачылары өз өмүрү жана ден соолугун сактап калуу үчүн курал колдонуп, анын кесепетинен эки жаран алган жаракаттарынан улам каза болду. Калган чек ара бузуучулар Кыргызстандын аймагына качып кетүүгө үлгүрүшкөн.

Өзбек чек арачыларынын маалыматына караганда, Кыргыз жарандары жалпы суммасы 20 миң доллардан ашык аткезчилик жүктөрдү алып өтүүгө аракет кылышкан. Кийинчерээк белгилүү болгондой, каза болгон жарандар Өзбекстанда туулуп өскөн жарандар болуп, 2012-жылы Кыргыз Республикасынын жарандыгын алышкан. Алдын-ала алынган маалыматтарга караганда, алар өздөрүндө Өзбекстандын паспортун сактап калышкан.

Кечээ, 5-апрелде саат 17:55те чыр-чатак орун алгандан кийин окуя болгон жерге Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп жагдайды жеринен изилдешти. Эки тараптын чек ара өкүлдөрү ар бир тарап өз алдынча иликтөө жүргүзө турган болуп сүйлөшүштү.